Көчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт
Кыргызстан менен Түркиянын өкүлдөрү эки өлкө ортосундагы виза маселесин талкуулашты
14.08.2025 | 13:30

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Түркия Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы консулдук жана визалык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки тарап консулдук кызматташтыктын актуалдуу багыттарын карап, эки өлкөнүн жарандарынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерин сүйлөшүштү. Ошондой эле визалык жана миграциялык процедураларды жөнөкөйлөтүү чаралары талкууланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат