Садыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачтыНургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталды
Кыргызстан менен Түркиянын өкүлдөрү эки өлкө ортосундагы виза маселесин талкуулашты
14.08.2025 | 13:30

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Түркия Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы консулдук жана визалык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда эки тарап консулдук кызматташтыктын актуалдуу багыттарын карап, эки өлкөнүн жарандарынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерин сүйлөшүштү. Ошондой эле визалык жана миграциялык процедураларды жөнөкөйлөтүү чаралары талкууланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат