Кыргызстан 2 заманбап жүргүнчү учак алууга келишим түздү

14.08.2025 | 16:13

Ысык-Көлдө өтүп жаткан VII кыргыз-россия экономикалык форумунун алкагында заманбап жүргүнчү учактарды сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын төрагасы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Келишим Россия–Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия өнүктүрүү банкы, “Элдик Банк” ААК жана “Кыргызстан аэропорттору” ААК ортосунда түзүлдү.

Документ Airbus A320/A321 же Boeing 737NG тибиндеги эки заманбап жүргүнчү учагын алуу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырууну көздөйт. Манасбек Самидиновдун айтымында, бул кадам улуттук авиацияны өнүктүрүүгө жана учуу географиясын кеңейтүүгө чоң түрткү берет.

Келишимге ылайык, тараптар долбоорду тыкыр талдап, финансылык моделин иштеп чыгып, зарыл болгон инвестицияларды тартат. Долбоорду ишке ашыруу 2025-жылдын сентябрына пландалууда.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top