Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Бишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
10.04.2026 | 15:47

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма жол менен Манас айылына кеткен жолдун кесилишинде транспорттук түйүндүн курулушу башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Учурда аталган аймакта көпүрө тирөөчтөрү үчүн свай казуу жана бетон куюу иштери жүрүүдө. Ошондой эле айланма жолдун 236-244-чакырымдарында жолду кеңейтүү иштери аткарылып жатат.
Мындан тышкары, мекеме Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишиндеги көпүрөнүн кире бериш жерлеринде асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Курулуш иштерине жалпы 250 бирдик атайын техника жана 600гө жакын жумушчу тартылган. Долбоор борбор калаанын айланасындагы унаа өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жол тыгындарын азайтууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом