Ысык-Көлдө Адылбек Касымалиев Михаил Мишустиндин жолугушуусу өттү

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө расмий сапар менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Россия делегациясын Ысык-Көл жээгинде жылуу тосуп алуу иш-чарасы 2016-жылдан бери биринчи расмий сапар катары белгиленди.
Касымалиев сапар символикалык мааниге ээ экенин айтып, 25 жыл мурун кол коюлган “түтөлүк достук жана союздаштык” декларациясынын маанисин белгиледи. Ал Россия Кыргызстандын ишенимдүү союздашы жана стратегиялык өнөктөшү экенин баса белгилеп, эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы жеке ишенимдүү мамилелердин кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салым кошоорун белгиледи.
Мындан тышкары, россиялык тараптын колдоосу менен быйыл Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн ачуу пландалып жатканы айтылды.
Сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, фармацевтика жана маданий-гуманитардык тармактардагы маселелерди талкуулашты.