Энергетикалык суусундуктар нерв системасынын ашыкча козголушун жаратат — Дайырбек ОрунбековКыргызстанда медреселердин саны расмий маалыматта көрсөтүлгөндөн көп болуп чыктыЭВФ: 2027-жылы Кыргызстанда инфляция Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчкө жететКыргыз мамлекеттик циркине казакстандык Нурлан Конокбаев жетекчи болуп дайындалды«Айтматовду» бүт өлкө күтүүдө. Байопиктин режиссёру Каныбек Калматов менен маек«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирди
Кыргызстанда алимент төлөбөгөн 1,2 миңден ашык жаран издөөгө алынган
08.04.2026 | 14:47
Кыргызстанда алимент төлөбөгөн 1 204 жаран издөөгө алынган. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы Кыргызстананын директору Жыргалбек Курманбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын маалыматына ылайык, өлкөдө жалпысынан алимент өндүрүү боюнча 60 720 аткаруу өндүрүшү бар.
Буга чейин ички иштер органдарында көп жылдар бою каралып келген алимент өндүрүү боюнча материалдар райондук прокуратуралардын көзөмөлүнө алынган. Учурда алар боюнча сотко чейинки текшерүүлөр жүргүзүлүп, алимент толук төлөнбөгөн учурларда кылмыш иштери козголууда.
Калган иштер боюнча алименттер мыйзам талаптарына ылайык, тактап айтканда 178-беренеге ылайык толук көлөмдө төлөнүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Жогорку Кенеш