Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди
15.08.2025 | 09:40

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн Кыргызстанга сапар менен келди.
Ариповду “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери жана Биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары катышкан жыйын 14-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар