Бишкектин Октябрь районунун мурдагы акими мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь районунун мурдагы акими менен Курулуш министрлигинин мурдагы кызматкери аталган райондун аймагындагы жер тилкелерди мыйзамсыз сатууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган шектүүлөр турак жайдын башкы планын жана тиешелүү токтомдорду жасалмалоо жолу менен Октябрь районунун аймагында жайгашкан аянты 1 гектардан ашык болгон 21 жер тилкени мыйзамсыз ээлеп алышканы аныкталган.
Натыйжада мамлекетке 300 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Көрүлгөн чаралардын алкагында коррупциялык схеманын уюштуруучулары Б.К.Э. жана У.М.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар жасаган кылмыштардын күнөөсүн мойнуна алып, өз ыктыяры менен жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтарып беришти. Учурда тергөө иштери уланууда.