Бишкек мэри бир катар курулуш жана оңдоо иштерин текшерди

15.08.2025 | 14:54

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев таңкы 5:00дө курулуп жаткан жана капиталдык оңдоодон өтүп жаткан бир катар социалдык объекттерди кыдырды. Бул тууралуу Мэрия маалымат таратты.

Калаа башчысы А.Токтоналиев көчөсүндөгү спорт комплекстин, №132 жана «Чыгыш-5» кичи районундагы бала бакчалардын, ошондой эле Лебединовка, Коммунаров көчөсүндөгү объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мэр борбор калаада мектепке чейинки билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жаңы балдар аянтчаларын куруу жана экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу иштерин белгилеп өттү. Мурман жана Абакан көчөлөрүнүн ортосунда сейил бак курулуп, ондогон бак-дарактар отургузулат.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында ал акимчиликтерге жана тиешелүү кызматтарга объекттерди көрктөндүрүү жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берди”,-деп айтылат билдирүүдө.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top