Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Түрмөдөн азык-түлүк уурдады деп Молдовановкадагы №27 мекеменин капитаны кармалды
18.08.2025 | 12:39

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) маалыматына караганда, 15-августта саат 17:20 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 мекеменин башчысынын финансы-чарба иштери боюнча орун басары уурулукка шектелип кармалды.
Шектүү Жазаларды аткаруу кызматынын №27 мекемесинин кампасынан Спринтер үлгүсүндөгү унаага 300 литр өсүмдүк майын, ал эми өзүнүн КИА үлгүсүндөгү унаасына 40 литр өсүмдүк майын жана 1 кап картошканы жүктөп, алып кетип бара жатып кармалган.
Бул факт боюнча чогултулган материалдар Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасына өткөрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар