Кыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келди
Транспорт министри Бишкек–Ош жолунун Суусамыр тилкесиндеги иштер менен таанышты
18.08.2025 | 16:13

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек–Ош автожолунун Суусамыр тилкесинде жүрүп жаткан оңдоо иштеринен кабар алды.
Министрликтин маалыматына ылайык, азыркы көрсөткүчтөр:
- Курулуш башталгандан бери 18 чакырым эки тараптуу асфальт төшөлдү;
- Жолдун айрым тилкелеринде негиз даярдоо жана суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүүдө.
Суусамыр өрөөнүндө суук эрте түшөөрүн эске алып, жол тилкесине жакын жерде эки асфальт-бетон заводу орнотулду.
Белгиленгендей, заводдордон учурда саатына 200–300 тонна асфальт өндүрүлүүдө.
Эске салсак, Бишкек–Ош автожолунун бул бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери 2025-жылга пландалган, жана ушул жылы курулуш иштери башталды.
Рубрики: Жаңылыктар