Аксы районунун Авлетим айылында болгон окуучулардын мушташын милиция териштирип жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка карганда, окуя 6-февраль күнү 13:30 чамасында айылдагы А.Кабаев орто мектебинин жанындагы спорт залдын ичинде болгон. Мушташ 9-класстын окуучуларнын ортосунда чыккан.
“9-класста окуган 6 бала өзү теңдүү баланы “чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп сабап койгон. Окуя боюнча жабырлануучунун апасы 1981-жылы туулган. О.З. арыз менен милицияга кайрылган. Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган. Кийин жабырлануучунун апасы тосмо арыз менен кайрылып, бирок арызы канааттандырылыган эмес”, — деп жазылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Аксы районунун Жаңы-Жол айылында окуучу кыздардын массалык мушташы болгон.
сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков