Бишкекте «Евразия» паркынын жаш коноктордун тилегин орундатуу боюнча социалдык акциясы аяктадыСууну жоготпоо үчүн ЧЧК бетондолотМоюнга сайган: Бишкекте сүйлөшкөн кызын өлтүрүүгө шектелип жигит кармалдыЗергерчилик бизнеси чөйрөсүндөгү ишкерлер салыктык жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүнАйпери Токторбаева: Өзүмө өзүм тирекмин. Өзүңдү өзүң тандашың керекБишкек шаарынын башкы планын бекитүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду
Чет жерлердеги аскердик окуу жайларга өткөн курсанттар ант беришти
19.08.2025 | 15:16

16-августта чет мамлекеттердин жогорку аскердик окуу жайларына өткөн курсанттардын аскердик ант берүү аземи өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Аскер институтунун жетекчилиги жана өздүк курамы, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышкан.
“100дөн ашуун курсанттар тандоо сынактарынан, медициналык кароодон ийгиликтүү өтүшүп, бир айлык жаш жоокердик курсун аяктап, бүгүн мекен алдында аскердик ант беришти”,- деп айтылат маалыматта.
Курсанттар Орусия, Кытай, Түркия, Казакстан жана Өзбекстандагы жогорку аскердик окуу жайларда билим алып, келечекте Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн толуктай турган адистер болуп чыгышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар