Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Эсеп палатасынын инспектору пара менен кармалды
19.08.2025 | 15:24

УКМКнын маалыматына ылайык, Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды.
Маалыматка караганда, инспектор «И.М.А.» быйыл май айында Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө пландык текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн ал айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен 800 миң сом алган.
Ошондой эле Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кызматкерлери социалдык объектти куруу боюнча тендерде жеңүүчү болгон компаниядан 10 пайыз өлчөмүндө сый акы алышканы белгилүү болду.
Бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар