Кыргызстан түрк өлкөлөрү менен медициналык кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөйтЖапаров Түркияда Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү — эмнелер талкууланды31-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйтКасым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыкты
Кыргыз режиссерунун “Курак” тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалына катышат
19.08.2025 | 15:44

Маркум режиссёр Эмиль Атагелдиев жана кинопродюсер, режиссёр Эрке Жумакматованын “Курак” тасмасы дүйнөлүк премьерасын Пусан эл аралык кинофестивалында өткөрөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Тасма “Азиялык көз караш” (Asian Vision) программасына киргизилип, “Эң мыкты азиялык тасма” сыйлыгы үчүн ат салышат.
“Курак” фильми Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен тартылган.
ХХХ Пусан эл аралык кинофестивалы 2025-жылдын 17–26-сентябрь күндөрү Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Про кино