ИИМ: Бишкек жана Чүйдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 21-22-август күндөрү өтө турган расмий иш-чаралардын учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга 3,5 миңге жакын милиция кызматкери тартылат. Тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.
Кортеж өтө турган учурда “Манас” аэропортунан Мамлекеттик резиденцияга чейинки, ошондой эле Дооронбек Садырбаев көчөсү аркылуу Ата-Бейит мемориалдык комплекси багытындагы жолдордо кыймыл убактылуу чектелет.
ИИМ жарандарды киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, тыгындардын алдын алуу үчүн алдын ала жол багытын пландаштырууну сунуштады. Ошондой эле унааларды борбордун көчөлөрүнүн боюнда токтотпоо жана жол эрежелерин сактоо эскертилди.