ЕЭК ЕАЭБдин климаттык күн тартиби боюнча семинар өткөрдүКыргызстандык окуучулар Сочидеги биологиялык лагерге катышыштыТоолуу райондорго жана ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөтТакси кызматынын баасы 800 сомго чейин кымбатташы мүмкүн — Дастан БекешевКыргызстан менен Кытай пион гүлүн өстүрүү жаатында кызматташатУКМК Оштогу «Манас» турак жай комплексиндеги маселени текшерип, курулушту күзгө чейин бүтүрүүнү тапшырды
Султан Раев Венгриянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланды
20.08.2025 | 14:16

ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев Венгриянын «өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн» мамлекеттик Ордени менен сыйланды. Сыйлык Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан сунушу жана Президент Тамаш Шуюктун чечими менен 19-августта Пешти Вигадо имаратында тапшырылды.
Султан Раев бул сыйлыкка Венгрия эли менен маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана венгр-түрк достук мамилелерин чыңдоого кошкон зор салымы үчүн татыктуу деп табылды. Башкы катчы сыйлыкты кабыл алып жатып, Венгрия менен түрк дүйнөсүнүн маданий жана достук байланыштарын тереңдетүүгө мындан ары да аракет кыларын билдирди.
Бул сыйлык түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулуктарын эл аралык деңгээлде жайылтууга кошкон салымын таануу катары бааланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият