Чолпон-Ата шаарында кыргыз-герман бизнес-форуму өтөт

26-августта Чолпон-Ата шаарында “Кыргызстанда Германия экономикасынын күнү» аттуу кыргыз-герман бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестциялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев, ошондой эле Кыргызстандын Германиядагы башкы консулу, Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Райнхольд Крэммель катышат. Ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдары, бизнес чөйрөлөрү, тармактык союздар, эл аралык уюмдар жана инвесторлор катышат.
Форумда төмөнкү панелдик сессиялар өтөт:
- «Кыргыз-герман экономикалык кызматташтыгы үчүн энергетикалык долбоорлор», анда «жашыл» энергетика жана инфраструктура жаатындагы өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралат;
- «Өткөөл мезгилдеги экспорттук потенциал жана логистика: Орто коридордун мүмкүнчүлүктөрү», бул сессия соода жолдорун өнүктүрүү жана логистикалык чынжырларды заманбап чакырыктарга ылайыкташтыруу маселелерине арналат.
Мындан тышкары бул күнү Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйыны болуп өтөт. Жыйын «Кыргыз-герман соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгы: Финансы өнөктөштүктүн ажырагыс бөлүгү катары» темасына арналат.
Бул иш-чаралар Кыргызстан менен Германиянын ортосунда экономикалык диалогду активдештирүү, соода жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү максатында уюштурулган.