Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
ЖРТга даярдануу үчүн «Булак» тиркемесине 61 миңден ашык окуучу катталды
07.04.2026 | 12:36

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярдоочу «Булак» акысыз мобилдик тиркемесине катталган окуучулардын саны 61 миңден ашты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тиркемеде 12,5 миңден ашык тест суроолору камтылган. Учурда окуучулар тарабынан аткарылган тесттердин жалпы саны 377 миңге жетти. Ошондой эле акыркы 7 күн ичинде активдүү колдонуучулардын саны 50 миң 694 адамды түздү.
Колдонуучулардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:
- Жалал-Абад облусу — 9 389;
- Бишкек шаары — 9 145;
- Ош шаары — 8 885;
- Чүй облусу — 8 871;
- Баткен облусу — 6 648;
- Ысык-Көл облусу — 6 634;
- Ош облусу — 5 767;
- Нарын облусу — 3 507;
- Талас облусу — 2 639.
Министрлик бул долбоор акы төлөнүүчү даярдоо курстарына мүмкүнчүлүгү жок аймактардагы окуучуларга билим алууда тең мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөй турганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим