КР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар
Камчыбек Ташиев «Алтын топтун» ээси Христо Стоичков менен жолукту
21.08.2025 | 17:11

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келген дүйнөлүк футбол легендасы, «Алтын топтун» ээси Христо Стоичков менен жолукту.
Стоичков Кыргызстанга Football for Schools программасынын ачылышына конок катары чакырылган. Жолугушуу учурунда Камчыбек Ташиев футболду мектеп программасына киргизүү өлкөдөгү жаштардын өнүгүүсүнө жана спортко кызыгуусун арттырууга чоң жардам берерин белгиледи.
Программанын алкагында өлкөнүн мектептерине 3 600 топ таратылып, дене тарбия мугалимдери үчүн атайын окутуулар уюштурулары маалым болду.
Рубрики: Жаңылыктар