ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
Кара-Жыгачта ичүүчү суу менен камсыздоо системасын долбоорлоо аяктоодо
22.08.2025 | 10:03

Аксы районунун Кара-Жыгач айылынын ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын долбоорлоо иштери аяктоодо. Тиешелүү корутундулар алынгандан кийин курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордо суу менен камсыздоонун инженердик түйүндөрүн алмаштыруу жана монтаждоо, жаңы резервуарларды долбоорлоо жана куруу, системанын узак мөөнөттүү колдонулушун камсыз кылган технологияларды киргизүү иштери каралган.
Жеринде мамлекеттик мекеменин директорунун, Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысынын жана долбоорлоо институтунун жетекчисинин катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрүлүп, негизги жана кошумча скважиналар жайгаша турган жерлер аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом