КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кыргызстандын гуманитардык жардамы Иранга жетти
07.04.2026 | 10:06

Кыргызстандын гуманитардык жардамы учурда Түркмөнстан менен Ирандын чектешкен аймагына жакын Серахс шаарына жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу иштери бүгүн, 7-апрелде, бажы процедуралары толук аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
Эске салсак, 3-апрелде президенттин тапшырмасы менен Иранга гуманитардык жардам жүктөлгөн 7 унаа Иранга сапар алган. Жүктүн жалпы көлөмү 129 тоннаны түзөт, анын ичинде 63 тонна дары-дармек жана 66 тонна азык-түлүк: ун, эт консервалары, өсүмдүк майы бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом