Арал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабыкИИМ Курсан Асанов менен Аалы Карашевди массалык башаламандыктар беренеси менен кармады12-февралга карата аба ырайыКурсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирдиСалык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачты
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» мемориалына барды
22.08.2025 | 11:40

Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мемориалга Токаевди Министрлер Кабинетинин төрагасы – президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев коштоп барды.
Казакстандын лидери 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына жана кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп, эскерүү аземине катышты.
Рубрики: Жаңылыктар