ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
ЦУМ-2 соода борборунда 21 жаштагы кыз каза болду
25.08.2025 | 09:20

Бишкектеги ЦУМ-2 соода борборунда 21 жаштагы кыз эскалатордон кулап каза болду. Окуя кечээ, түшкү саат 12:30дар чамасында катталган.
Алдын ала маалыматка ылайык, кыз төртүнчү кабаттан жер төлөгө кулап түшкөн. Милицияга чакырык түшкөндөн кийин окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыккан.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, бул өз жанын кыюу болушу мүмкүн деген божомол каралууда.
Ал эми, ЦУМдун администрациясы көзөмөл камералары кыздын эскалатордун жанындагы тосмого чыгып, секирип кеткенин көрсөткөнүн билдирген.
Учурда тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар