«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Өзгөндө 2500 адамга ылайыкталган жаңы стадион ачылды
25.08.2025 | 09:45

Ош облусунун Өзгөн шаарында 2 240 орунга ылайыкташкан заманбап стадион пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышып, жаңы спорттук комплекс өлкөдөгү жаштар жана кесипкөй спортчулар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратарына токтолду.
“Кыргызстандын бардык аймактарында жаштар ойной турган, командалар даярдана турган шарттарды түзүү жана жакшыртуу — биздин негизги максатыбыз. Бул жаңы комплекс дал ушул максаттарга кызмат кылат”, – деди КФБнин президенти.
Жаңы стадион заманбап талаптарга ылайык курулуп, VAR-системасы, VIP-бөлмөлөрү, медиа үчүн өзүнчө жайлары, чуркоо жолу жана күчтүү жарык берүүчү чырактары менен жабдылган. Арена “Өзгөн” клубуна тиешелүү болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт