«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталуудаАзия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго барды
Кафе-ресторандардагы тейлөө акысын алып салуу сунушталды
25.08.2025 | 12:29

Министрлер кабинети кафе жана ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салууну сунуштап, токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Долбоорго ылайык, тамак-аш жайларында кызмат үчүн кошумча 10–15% төлөмдү талап кылууга уруксат берилбейт. Бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы менюда же прейскурантта толук көрсөтүлүшү шарт. Чай-пул берилген учурдан башка учурда эсеп менюдагы акыркы суммага толук дал келиши керек.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаевдин айтымында, тейлөө үчүн алынган 15 пайыздык кошумча акы мыйзамсыз деп айтууга болбойт, бирок кардарлар аны негизсиз кошулган төлөм катары сыпаттап келишкен. Ушундан улам тиешелүү мекемелер талдоо жүргүзүп, сунуштарды даярдоо ишин баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар