«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Быйыл Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү өстү
25.08.2025 | 12:01

Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда 9 млрд 351,2 млн кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги жарыялаган маалыматтарда айтылды.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 871,0 млн кВт/саатка көп.
Министрликтин маалыматында, өндүрүүнүн көбөйүшү калктын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин электр энергиясын керектөөсүнүн жогорулашына байланыштуу болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: электр энергия