«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталуудаАзия чемпионаты: Эркин күрөш боюнча кыргызстандык төрт балбан коло медаль уттуСадыр Жапаров «Дордойдун» ээсин сынга алып, түштүктөгү базарларында реформа жарыяладыТрамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго барды
Министрлик: Быйыл түшүмдүүлүк салыштырмалуу төмөндөдү
25.08.2025 | 12:44

2025-жылдын январь-июль айларында түшүмдүүлүк өткөн жылга салыштырганда төмөндөдү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, түшүмдүүлүктүн азайышы сугат суусунун жетишсиздиги, ошондой эле быйыл айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн былтыркыга салыштырмалуу 2-3 жума эртерээк бышып жетилгендигине байланыштуу.
“Натыйжада январь-июль айларында айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүү темпи жайлап, 2,3 %ды түздү. Ал эми былтыр, 2024-жылдын январь-июнунда 3.8 %га өскөн”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика