Ысык-Атада 4 жашар наристеге зомбулук фактысы катталды

Акыйкатчы институту Ысык-Ата районунда 4 жаштагы кызга карата зомбулук болгонун өтө өкүнүү менен билдирип, мамлекеттик органдарды балдардын социалдык абалына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.
Маалыматка ылайык, 18-август күнү кызга жакын тууганы тарабынан зомбулук көрсөтүлгөн. Наристенин ата-энеси ажырашып кеткендиктен, апасы аны туугандарына таштап, Бишкекке иштегени кеткен.
Кыз Ысык-Ата райондук ооруканасынан медициналык кароодон өткөрүлүп, зомбулук фактысы аныкталды. Учурда ага узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.
Ысык-Ата райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча иш козгоп, шектүү өспүрүм 18-августта кармалган.
“Акыйкатчы мамлекеттик органдарды балдарды коргоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүгө жана ата-энелерди балдардын интернеттеги аракеттерине көңүл бурууга чакырат”,-деп айтылат маалыматта.