Курсан Асанов жана Аалы Карашев ИИМге суракка алынып келиндиОштун мэри Камчыбек Ташиев менен сүйлөшкөнүн айтып, акыркы окуялар боюнча пикирин билдирдиСалык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачтыОшто мыйзамсыз курулуштар турган жер скверге айландыПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалдыКыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Apolitical платформасы менен биргеликте жасалма интеллектти колдонууга окутулат
Кунарсыз жайыттарга калыбына келтирүү үчүн үрөн себилет
26.08.2025 | 13:14

Жайыттарды калыбына келтирүү максатында ушул жылдын күзүндө жайыттарга үрөн себүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул үчүн республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан 173 миң 292 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнү: кылкансыз кызыл от, таракбаш, шалбаа бетегеси жана эспарцет сатып алынып, кеч күздө жайыт аянттарына себилет.
Министрлик бул аракеттер жайыттардын деградациясынын алдын алууга, мал чарбасын өнүктүрүүгө жана тоюттун сапатын жакшыртууга багытталганын билдирди.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы жайыт аянты 8 млн 985 миң 813 гектарды түзсө, анын ичинен 139 миң 404 гектары деградацияга учураган. 2025-жылы эс алууга калтырылган жайыттардын аянты 401 398,15 гектарды түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом