«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Кунарсыз жайыттарга калыбына келтирүү үчүн үрөн себилет
26.08.2025 | 13:14

Жайыттарды калыбына келтирүү максатында ушул жылдын күзүндө жайыттарга үрөн себүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул үчүн республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан 173 миң 292 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнү: кылкансыз кызыл от, таракбаш, шалбаа бетегеси жана эспарцет сатып алынып, кеч күздө жайыт аянттарына себилет.
Министрлик бул аракеттер жайыттардын деградациясынын алдын алууга, мал чарбасын өнүктүрүүгө жана тоюттун сапатын жакшыртууга багытталганын билдирди.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы жайыт аянты 8 млн 985 миң 813 гектарды түзсө, анын ичинен 139 миң 404 гектары деградацияга учураган. 2025-жылы эс алууга калтырылган жайыттардын аянты 401 398,15 гектарды түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом