Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков ИИМге суракка жеткирилдиКамчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан кетиши боюнча билдирүү жасады11-февраль: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайтСадыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматын УКМКнын курамынан чыгарып, аны түздөн-түз президентке баш ийдирдиКыргызстандын Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылдыПрезиденттин администрациясы УКМК жетекчилигиндеги кадрдык чечимдер боюнча түшүндүрмө берди
Орусиянын расмий каттоосундо турган кыргызстандык мигранттардын саны 377 миңге жетти
26.08.2025 | 15:21

Акыркы статистикалык маалыматтар боюнча Орусиянын миграциялык каттоосунда турган кыргызстандык жарандардын саны 377 миңге жетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров бүгүн, 26-августта, “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Ал эми эмгек келишимдердин саны 680 миңден 701 миңге чейин өстү. Кадыров бул сандар кыргызстандыктар барган сайын Орусияда жүрүүсүн мыйзамдаштырып жатканын тастыктап турганын белгиледи.
Эске салсак, Бакыт Кадыров 12-августта өткөн пресс-конференцияда Орусияда 352 миң кыргызстандык расмий каттоодо турганын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом