Бишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдө
Ормуз кысыгында танкерлердин каттамы 90%дан ашык азайды
06.04.2026 | 16:13

Ормуз кысыгы аркылуу мунай танкерлеринин каттамы 90%дан ашыкка кыскарды. Бул тууралуу Бахрейндин тышкы иштер министри Абдель Латыф аз-Заяни билдирди. Анын айтымында, кеме каттамдарынын интенсивдүүлүгүнүн кескин төмөндөшү 28-февралдан бери катталууда.
Бул окуялардын фонунда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК/КСИР) аскердик-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы кысыктагы абал өзгөргөнүн жана ал «мындан ары мурдагыдай болбой турганын» жарыялады.
Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жеткирүүдөгү негизги каттам болуп саналат, андыктан андагы трафиктин азайышы глобалдык энергетикалык рынокторго таасирин тийгизиши мүмкүн.