КР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар
Жогорку Кеңештин имаратындагы реконструкция иштери аяктоо алдында турат
27.08.2025 | 10:04

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкөдөгү мамлекеттик маанидеги имараттарды жаңылоо жана капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, тарыхый баалуулугу жогору болгон мурдагы “эски Ак үйдө”, азыркы Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта да реконструкция иштери жүргүзүлүп, учурда соңку этапка жетти. Жакынкы күндөрү имарат толугу менен колдонууга берилет.
Реконструкциядан кийин парламенттин имараты:
- заманбап талаптарга жооп берген шарттарга ээ болот;
- улуттук мурастын уландысы катары сакталат;
- келечек муундарга кызмат кылууга багытталган.
Президенттин иш башкаруучусу оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратты кыдырып, жасалган иштер менен таанышты.
Рубрики: Жаңылыктар