УКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттү
ЦУМда 256 GB iPhone’дорду 1 TB катары саткандар кармалды
27.08.2025 | 10:33

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети борбордогу ири дүкөндөрдүн биринде алдамчылык фактысын аныктады.
Маалыматка ылайык, ЦУМдагы “Мостовой” соода түйүнүндө иштеген айрым сатуучулар телефон оңдогон адистер менен тил табышып, смартфондордун микросхемаларын алмаштырышкан. Натыйжада, 256 GB эс тутумдагы iPhone’дор жасалма түрдө 1 TB деп көрсөтүлүп, кайра кутуга салынып, жергиликтүү басмаканада даярдалган “заводдук” стикер менен жаңыдай сатылган.
УКМК сатып алуучуларга телефондорун iUnlocker сайты аркылуу текшерүүгө чакырат. Эгерде заводдук параметрлерине туура келбесе же өз алдынча текшерүү мүмкүн болбосо, жарандар 0 995 300 871 номуруна байланышса болот.
Рубрики: Жаңылыктар