Жети-Өгүздүк фермер жылына 30 тоннага чейин сөөлжан өндүрүүнү көздөп жатат

Жети-Өгүздүк фермер жылына 30 тоннага чейин сөөлжан өндүрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Жети-Өгүз районунун тургуну Муратбек Асылбеков акыркы 3 жылда жердин асылдуулугун жогорулатуу максатында сөөлжан өстүрүп келет. 2024-жылы болжол менен 10 тонна сөөлжан өндүрүлгөн, ал эми 2025-жылы 20–30 тоннага жеткирүү максатында пландалууда. Продукция республика боюнча бардык аймактарга сатылат, базар баасы килограммына 15–20 сомго барабар.
Муратбек Асылбековдун айтымында, келечекте сөөлжанды көбөйтүп, элге жайылтуу жана органикалык продуктуларды кеңири колдонууга шарт түзүү.
Маалымат: Сөөлжан жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатат, топуракты органикалык заттар менен байытат, өсүмдүктөрдү оорулардан коргойт жана химиялык жер семирткичтерге көз карандылыкты азайтат.