Президент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алдыБишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү өтөтЧет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды
16-апрелде Бишкектин четиндеги бир катар конуштарда ичүүчү суу өчүрүлөт
13.04.2026 | 16:33

16-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин бир катар конуштарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Суу берүү «Баш-Кара-Суу» суу топтомосунда жана суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
- Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Кашкабаш, Достук, Селекция, Плодовое жана Калтар айылдары;
- 105-контур, ЖЭБ-2, Сары-Өзөн конуштары, Ак-Ордо конушунун Ахунбаев көчөсүнөн жогору жана Ак-Өргө конушунун Өмүр көчөсүнөн түштүк тарабы.
«Бишкексууканал» ишканасы тургундарды жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом