Өзбекстандын калкы 38 млнго жетти

28.08.2025 | 12:38

Өзбекстандын туруктуу калкы 38 млн кишиге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта, Өзбекстандын Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен эркектердин саны 19 млн 136 миң 800ди түзөт. Ал эми аялдардын саны 18 млн 863 миң 200 түзүп, эркектердин санынан 273 миң 600 адамга аз.

Scroll to Top