Тыгынды силер кылып жатасыңар. Президент автобустун айдоочуларына кайрылды

28.08.2025 | 15:12

Бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы электробустар менен газ автобустарын тейлөөчү жаңы комплекстин ачылышына катышты.

Жаңы комплекс мурунку «2-депо» троллейбус базасынын ордунда курулуп, заманбап инфраструктура менен жабдылды. Ал Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн электробустар менен газ автобустарын тейлөөчү жаңы комплекстин ачылышында коомдук транспорт айдоочуларына кайрылды.

Мамлекет башчысы айдоочуларды аялдамаларда туура токтоого чакырып, алардын аракеттери шаар ичиндеги тыгындарга себеп болуп жатканын белгиледи.

“3–5 мүнөттө артыңардан башка автобус келерин билесиңер. Анан маңырайып 5 мүнөт турасыңар. Арка жагыңар бүт тыгын. Мен да ошондой абалда калдым. Артыңарда унаада турдум. Ошол үчүн айтып жатам. 10 мүнөт убакытты алып коёт экенсиңер. Анан шаар ичи тыгын деп ыйлайсыңар. Тыгынды силер кылып жатпайсыңарбы”, — деди Жапаров.

Президент айдоочуларды бири-бирин тарбиялап, автобустарды аялдамалардын баш жагына токтотууга жана жүргүнчүлөргө сылык мамиле кылууга үндөдү.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top