«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Ош аскер комиссариатынын кызматкери пара катары айфон алып жаткан жеринен кармалды
28.08.2025 | 15:22

Ош аскер комиссариатынын кызматкери айфон уюлдук телефонун пара катары алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кызматкер альтернативдик аскер кызматын өтөө боюнча оңдуу чечим чыгарып берүү үчүн уюлдук телефонду пара катары талап кылганы белгилүү болгон.
Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында Аскер комиссариатынын кызматкери «Ш.А.П.»га карата Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалын пайдалануу менен алдамчылык жасоо” беренеси боюнча айып тагылып, Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар