Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Россиянын Альпинизм федерациясы: Наталья Наговицынага “Жеңиш” чокусуна чыгууга тыюу салынган
28.08.2025 | 21:57

28-августта Россиянын Альпинизм федерациясынын вице-президенти Александр Пятницын альпинист Наталья Наговицынанын машыгуу деңгээли жетишсиз болгондуктан, ага “Жеңиш” чокусуна чыгууга үч гид тарабынан тыюу салынганын билдирди.
Анын айтымында, Наговицына коштоочулардын баш тартуусуна карабай, башка гиддерди таап, чыгып кеткен.
Окуянын хронологиясы (“Ак-Сай Трэвел” маалыматы боюнча):
- 12-августта Наговицына 7200 метр бийиктикте бутун сындырып алган.
- 13–14-августта италиялык Лука Синигалья менен немис альпинисти Гюнтер Зигмунд ага жардам жеткиришкен, бирок аба ырайы жолду тосуп калган.
- 15-августта Синигальянын абалы начарлап, лагерге жетпей каза болгон.
- 16-августта Ми-8 тик учагы авариялык конууга мажбур болуп, 4 адам жаракат алган.
- 19–21-августта учкучсуз аппараттар Наговицына тирүү экенин каттаган, бирок кар көчкү коркунучу куткаруу иштерине тоскоол болгон.
- 23-августта аба ырайынын начарлашынан улам куткаруу операциясы токтотулган.
Белгилей кетсек, учурда Наговицына 7200 метр бийиктикте жатат. Анын абалы тууралуу так маалымат жок. Эвакуация аба ырайы турукташканда жана кесипкөй даярдыктагы команда тик учак менен чыккандан кийин гана мүмкүн болот.
Рубрики: Жаңылыктар