Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ардагерлеринин жолугушуусу өттү
29.08.2025 | 09:33

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын ардагерлеринин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан уюштурулган. Ага Кыргызстандын, Орусиянын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын ардагерлери катышкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлер социалдык колдоонун, өз ара аракеттенүүнү жана өз ара жардамдашууну чыңдоонун, ошондой эле маданий-патриоттук демилгелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Мындан тышкары жаштарды патриоттуулукка жана милдетке берилгендикке тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар