Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Багбан: 10 соток “Капитан” карагатынан 1 млн сомго чейин киреше алса болот
29.08.2025 | 09:36

Ысык-Көлдүн, Ак-Сай айылынын багбаны “Капитан” сортундагы карагатты өстүрүп, мол түшүм алып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Анын айтымында, карагатты багуу оор эмес – негизгиси тамырын таза кармоо жана үзгүлтүксүз тейлөө.
“Капитан” сортунун өзгөчөлүктөрү:
- Жемиши ири жана даамдуу, базарда баасы жогору;
- Түшүмдүүлүк дарак отургузулгандан кийин 3 жылдан соң башталат;
- 10 соток жерден жакшы түшүм алганда 1,5–2 тоннага чейин алуу мүмкүн;
- Учурда базар баасы 300–400 сомго чейин жетет.
Демек, 10 соток жерден 1 млн сомго чейин киреше табууга болот.
Азыр “Капитан” карагатынын көчөтү өлкөнүн бардык аймактарына сатылууда, баасы 150–180 сом. Ошондой эле кызыл карагат, кара карагат жана жөнөкөй карагат сорттору да бар, алардын баасы 250 сомдон башталат.
Багбандын айтымында, туура агротехникалык кам көрүү түшүмдүүлүктү жогорулатып, айыл жеринде жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана сапаттуу мөмө-жемиштерди рынокко жеткирүүгө шарт түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар