Кыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайыТүштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөт
Бишкектеги Орус үйүнүн куратору Игорь Воронцов «Менин Кыргызстаным» аттуу ырын тартуулады
29.08.2025 | 15:27

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарындагы Орус үйүнүн маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов «Менин Кыргызстаным» аттуу ырын тартуулады.
Игорь Воронцовдун айтымында, бул ырдын жаралышына төрт адам: орусиялык акын Анжелика Соболь, кыргыз композитору Нуржигит Молдояр; белгилүү композитор Эркинбек Меерканов жана өзү катышкан.
“Мен көптөн бери өз репертуарымда туулган жерге болгон сүйүү тууралуу жаңы ыр жаралса деп кыялданып жүргөм. Анда кооз сөздөрдөн тышкары композитор менен аранжировкачы жазган обон угулуп, ага кошо комуз, сыбызгы, чопо чоор, ооз комуз сыяктуу өзгөчө улуттук аспаптардын үнү коштолушун самагам”,- деп билдирди ал.
Ырдын клиби Бишкектеги Орус үйүнүн YouTube-каналында жеткиликтүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы