Урмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалдыФормадагы «Саманчынын жолу»: ДКО үчүн Кыргызстандын курама командасынын образдары кантип жаратылганКыргызстандыктардын жашоосун өзгөртө турган ШКУнун 5 долбоору — экономисттин пикириБишкекте үч кытай тасмасы акысыз көрсөтүлөтЫсык-Көлдөгү тынчтык жана психологдор: депутат Сурабалдиева кандай маселелерди көтөрөтКазакстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды: беш партия Курултайга өттү
Кыргызстандын түштүгүндө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду
02.04.2026 | 09:30

Бүгүн, 2-апрелде, таңкы саат 05:28де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудага жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык жана Кароол айылдарында 4,5 балл, Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл болуп сезилди. Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айылында силкинүүнүн күчү 3,5 баллды түздү. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Көк-Жангак шаарларында 3 баллга чейин сезилди.
Жер титирөөнүн очогу Өзгөн шаарынан 3 чакырым түштүк-батышта, Куршаб айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта жана Ош шаарынан 45 чакырым аралыкта жайгашкан. Учурда жер-жерлерде тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар