Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Быйыл Кыргызстанга алма, алмурут жана айванын импорту 58%га кыскарды
29.08.2025 | 16:03

2025-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстан чет өлкөлөрдөн 4 миң 348,6 тонна алма, алмурут жана айва импорттогон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 58%га аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянып, «Акчабар» каржы порталы жазды.
Маалыматка ылайык, импорттун азайышы Иран, Түркия жана Ооганстандан жеткирүүлөрдүн токтотулушу, ошондой эле Кытайдан келген импорттун көлөмү дээрлик 1,8 эсе азайганы менен байланыштуу.
Натыйжада негизги жеткирүүчүлөр Польша (2 048,2 тонна), Кытай (1 452,9 тонна) жана Өзбекстан (782,9 тонна) болгон. Ал эми Казакстан менен Орусиядан аталган жемиштер салыштырмалуу аз көлөмдө импорттолгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика