Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда
Бала бакчага электрондук каттоо системасы убактылуу иштебейт
31.03.2026 | 12:01

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды каттоонун “Электрондук кезек” системасы “Балалык” системасына көчүрүлүүдө. Буга байланыштуу 31-марттан 6-апрелге чейин система жеткиликсиз болот.
Агартуу министрлигинин маалыматында, аталган мөөнөт аралыгында системада техникалык иштер жүргүзүлөт. Иш-чаралар системаны жаңы базага өткөрүү максатында аткарылууда. Министрлик жарандардын ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.
Кошумчалай кетсек, 2026-2027-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына онлайн каттоо эртең, 1-апрелде, башталат. Каттоо «Электрондук жазуу» санариптик системасы аркылуу жүргүзүлөт.