Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Эгемендүүлүк күнүнө карата Ниагара шаркыратмасы Кыргызстандын желегинин түстөрү менен жарыктандырылат
29.08.2025 | 16:41

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата 31-августта Ниагара шаркыратмасы кызыл-сары түстөр менен жарыктандырылат. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги кабарлады.
Жарыктандыруу саат 22:30да башталып, 15 мүнөткө созулат. Аны Канада жана Америка Кошмо Штаттары тараптан көрсө болот.
Канадада жашаган кыргызстандыктар үчүн жолугушуу, «Кара-Жорго» флешмобу, гимнди аткаруу, ошондой эле комузда музыкалык номер уюштурулат. Жолугушуу жери – Table Rock Southeast Flagpole.
Маалыматка ылайык, иш-чара Монреалдагы «KG Québec-communauté kirghiz» кыргыз коомчулугунун демилгеси жана Niagara Parksтын колдоосу менен өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом