Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Кыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармек
03.04.2026 | 12:00
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, Кыргызстан президенттин тапшырмасы менен Иранга гуманитардык жардам көрсөтөт.
Такталгандай, жүктүн жалпы көлөмү 129 тоннаны түзөт, анын ичинде 63 тонна дары-дармек жана 66 тонна азык-түлүк — ун, эт консервалары, өсүмдүк майы бар.
Жүк жүктөлгөн жети фура Иранга жөнөтүлүүгө даяр турат.
«Бул жардам жабыркаган жай тургундарды колдоого багытталган. Гуманитардык жүктү иран тарапка өткөрүп берүү Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычевдин катышуусунда ишке ашырылат», — деп кошумчалашты мекемеден.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Иран, Кыргызстан