Бишкекте абанын булганышы нормадан ашты80 телефон, 72 SIM карта, баңгизат: Психиатриялык ооруканада ири алдамчылык катталдыМинКаб: Кыргызстан быйыл 1 трлн сомдук бюджет менен жыйынтыкталат«Түндүк» тиркемесинде кыймылсыз мүлк боюнча онлайн кызматтар жеткиликтүү болдуӨтмөк менен Төө-Ашууга кар түштү: айдоочуларга эскертүү берилдиКыргызстандын жалпы жарандык паспортун кантип алууга болот?
Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда бүтүрүүчүлөргө ачык сабак өттү
01.09.2025 | 13:00

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы Сатыбалды Давлетов атындагы №14 мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышып, 11-класстын окуучуларына тарбиялык саат өттү.
Ал бүтүрүүчүлөрдү сапаттуу билим алууга чакырып, турмушка даярдык билим жана тарбия аркылуу аныкталарын белгиледи.
«Эмдиги жылы окууну бүткөндө негизги маселе турмушка болгон даярдыгыңар. Азыркы заманда билимсиз адам дароо айырмаланып калат. Ошондуктан жакшы окугула, тил үйрөнгүлө. Мамлекет силерден көп нерсе күтөт», – деди Ташиев.
Ошондой эле ал өзүнүн чоң үй-бүлөдө тарбияланып, дыйкан болгон атасы менен сыймыктанаарын айтып, бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттин патриоту болууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар